Домой Кырсык Велосипедчен кызды сүзүп кеткен Иса Өмүркуловдун уулу мас абалда болгон

Велосипедчен кызды сүзүп кеткен Иса Өмүркуловдун уулу мас абалда болгон

127

Велосипедчен адамды коюп кеткен Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун 39 жаштагы Азамат Өмүркулов аттуу уулу ошол убакта мас абалында болгон. Ал эми жабырлануучу кыз анын үстүнөн арыз жазуудан баш тарткан. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чогултулган материалдар Бишкектин ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда териштирүү иштери уланууда.

Эскерте кетсек, жол кырсыгы 15-майда саат 22:30дар чамасында Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөсүнүн кесилишинде болгон. Анда Porsche унаасын башкарган жаран 29 жаштагы велосипедчен кызды сүзүп кеткен.

Бишкектин ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кырсыктан жабыркаган велосипедчен кыз милицияга арыз жазуудан баш тарткан.

Кошумчалай кетсек, Азамат Өмүркулов 2011-жылкы жол кырсыгынын себепкери болгон. Анда 3 адам көз жумган.