2012-жылы биз кийген кийимдер да өзгөрөт. Дизайнер Вернон Чендин айтымында, келечекте шаар тургундарынын кийим алмаштырганга да убактысы болбойт экен. Ошого ылайык, бизге бир эле көйнөктү такай кийип жүрүүгө туура келет. Вернон Чен ойлоп тапкан көйнөк-трансформер менен биз жумушка, спортзалга, кечки сый тамакка да барсак болот. Бул көйнөк өңүн ак-кара, күңүрт боз, көгүш түскө өзгөртүп тура алат. Кабырчыктын ролун келечектин нано кездемеси аткарат.