Ошентип Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын 28-чи өкмөт башчысы боло турган болду. Ал эми анын, анын бир тууган иш билги иниси, парламенттин спикери Асылбек Жээнбеков моралдык этика боюнча өз ордун бошотуп берүүгө арыз жазды. Эми ал жөнөкөй депутат болот же анын ордуна спикер болуп КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков шайланып келсе, анын ордуна лидер болуп келип калышы толук мүмкүн. Бирок, Турсунбековдун спикер ᬬолуу мүмкүнчүлүгү азайып калгандай. Анткени, бийликтин эң чоң үч бутагы президент, премьер жана спикерлик кызматтар КСДПнын ээнчисине тийип калса “бовой” калат. Андыктан спикерлик көпчүлүк коалициядагы фракция лидерлери “кыргызстанчы” Канат Исаев, “атамекенчи” Өмүрбек Текебаев жана “Өнүгүү-Прогресстин” өз “атасы” Бакыт Төрөбаев үчөөнүн бирөөнө буйруганы турат. Бул лидерлердин тажрыйбасы жагынан, мыйзамды чемичкедей чаккан, энесинин этегинен түшкөндө эле “саясат” деп бакырып түшкөндөй элес калтырган Өмүрбек Текебаев күчтүүлүк кылат. Бирок, анын талапкерлигин президент Алмазбек Атамбаев колдобошу мүмкүн. Анын үстүнө ал буга чейин спикер болуп көрдү да. Ал эми Бакыт Төрөбаев амбициясына чек жок, жеке кызыкчылыктарга басым жасаган саясатчы, керек болсо премьер, спикер, президент, ал тургай оюна койсо БУУнун генералдык секратары болгусу келет. Төрөбаев башкаларга караганда эски бийликке эки кадам жакын. “Ак Жолдон” ЖКга депутат болуп келип, кыргыздын “Каркырасын” казактарга карматып жибергендердин катарында болгон. Мекенге күйгөнү, өлкөнү сүйгөнү чын болсо, ал чырлуу маселе боюнча айрым депутаттардай болуп эле, добуш берүүдөн баш тартып коймок. Бирок, негедир Атамбаев Канат мырзага кадимкидей ишенет. Мүмкүн бул — ишеним маселеси аны спикерликке жеткизет. Кандай болгон учурда да, спикерге талапкерлигин көрсөткөндөрдү (бул үч лидерди)парламенттин депутаттары жумшак рейтинг аркылуу шайлап алышса, калыстык болмок. Эл да ушуну каалайт, колдойт.