Домой Аналитика Жогорку кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров тарабынан жасалма диплом колдонуу фактысы аныкталды

Жогорку кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров тарабынан жасалма диплом колдонуу фактысы аныкталды

160

УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, мурдагы вице-спикер, Жогорку Кеңешинин «КСДП» фракциясынан депутат Зулпукаров Төрөбай Закирович тарабынан жасалма дипломду колдонуу фактысы аныкталганын маалымдады.

Жергиликтүү маалымат булактардын  кабарлашынча, жасалма дипломду депутат Төрөбай Зулпукаров колдонуп жүргөн.

Бул тууралуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинен төмөнкүлөрдү билдиришкен.

«Улуттук университет боюнча жылына 2-3 миңге чейин студент диплом алышат. Ошонун ичинен 2000-жылы бүткөн каттоо номери 748-дипломду 1979-жылы төрөлгөн Чолпон Усубалиевага берилген экен. Тарых факультети эмес Кыргыз-Европа факультетинин экономика жана башкаруу адистиги боюнча берилген. Кандай себеп менен ушундай болуп калганын атайын комиссиялар тактаса керек. Биздеги маалыматтар ушундай. Ашыкча комментарий айта албайбыз«, — дешти университеттен.

super.kg