Ар бир адамдын түшүнүгүндө аял үйдүн куту, аял наристе төрөп, аны багып-чоңойтуп, тарбиялап, балага мээримин төгүүчү. Жолдошунун сүйүктүү жары деп эсептеп келебиз. Бирок беш кол тең эмес дегендей ала жипти аттаган аялдар да кездешет. Кыска сезимге алдырып ала жипти аттаган аялдарды кээ бир мамлекеттерде катуу жазалап келишкен. Мислы Байыркы Вавилондо, Индияда ойнош күткөн аял күйөөсү тарабынан күңдүккө сатылган.
Падышалык Россияда
Аялдын солго кеткени билинсе, денесине баткак шыбалып, эл алдында күйөөсүнөн өлөрчө тепки жеген.
Ислам дүйнөсүндө
Араб эмиратында ала жипти аттаган аялды ташбараңга алуу салты али күнчө бар.
Египетте аягы суюк аял үйдөн куулуп чыгып, ажырашканда күйөөсүнөн мүлк талаша албайт.
Европада
Англияда тетири кеткен аял «ар намысына шек келтиргени үчүн» күйөөсүнө материалдык компенсация төлөйт.
Бельгияда аялы көзүнө чөп салган эркек оңой эле ажырашып кетет. Ал эми аял мындай арыз бериш үчүн күйөөсүн үй ичинен кимдир-бирөө менен кармап алышы керек.
АКШда
Жорж Буштун бийликке келиши менен пуритандык эски нарк-насилдер, адеп-ахлактар калыбына келген. Ага ылайык, «күйөөсүнүн көзүнө чөп салган аял бир жыл түрмөгө отурууга тийиш» деген мыйзам иштелип чыккан.
Кыргызда
Биздин ата-бабалар мындай жолго барган аялдын бетине көө сыйпап, чачын кыркып, азоо байталга тетири мингизип, төркүнүнө айдап жиберчү экен.
Азыркы учурда мындай жазалоого Конституция жол бербейт.
Булак: barometr.kg