Домой Криминал Мыйзамсыз ташылып бараткан 2 миллион сомдук жүк кармалды

Мыйзамсыз ташылып бараткан 2 миллион сомдук жүк кармалды

100

2 миллион сомдук мыйзамсыз ташылып бараткан жүк кармалды. Бул тууралуу  Бажы кызматынан билдиришти.

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ыкчам бажысынын кызматкерлери Ош областында “Н.Ж.Н.”, аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “DAF XF 430” үлгүсүндөгү таранспортту токтотуп текшеришкен.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорттун жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 4000 кг, (түстүү металдын калдыктары) жез табылган. Кармалган товардын баасы 800 000 сомду түзөт.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле, Ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан “А.С.” кең чыгуучу жерде “Ч.Т.” ЖЧКнын жоопту сактоосунда турган «ZWY-80» моделдеги кең жүктөөчүнү жеке жакка өткөрүп берүү фактысы боюнча бажылык укук бузуу аныкталган.

Кармалган товардын орто рыноктук баасы 1 067 137, 50 сомду түздү.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин АМСтын МЭЖКда катталды жана материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүп берүү үчүн Ош областтык прокуратурасына өткөрүп берилди.