Кыргызстанга июль айында коронавирус күчөп, адистер жетишпей жатканда Орусиядан өз эрки менен келип, «кызыл зоналарда» иштеген дарыгерлер кайра иштерине кайта албай жатышканын айтып, «Азаттыкка» кайрылышты.
Тогуз дарыгер азыркы тапта Москва менен Санкт-Петербургдагы иш орундарынан мөөнөтсүз, акы төлөнбөгөн өргүү алып, бийликтин чечимин күтүп жатышат.
Алардын бири Талантбек Ахун уулу:
«Биз келерде Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги, Тышкы иштер министрлиги кайра кайтарыбызды айтышкан. Кыргызстандын ар кайсы шаарларында «кызыл зоналарда» бул жактагы дарыгерлер алган айлыкка эле иштеп, эми кайра кетели десек чек ара жабык, кайта албай калдык. Бийлик берген убадасын качан аткарары белгисиз», — деди.
Булак: Азаттык