Домой Коом ЕАЭБдин тышкы бажы чек арасынын кыргыз тилкесинде «товарларды жана транспорттук каражаттарды алып...

ЕАЭБдин тышкы бажы чек арасынын кыргыз тилкесинде «товарларды жана транспорттук каражаттарды алып өтүү үчүн» төмөнкү өткөрүү пункттары белгиленген:

45

ЕАЭБдин тышкы бажы чек арасынын кыргыз тилкесинде «товарларды жана транспорттук каражаттарды алып өтүү үчүн» төмөнкү өткөрүү пункттары белгиленген:

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде: «Торугарт-автожол» жана «Иркештам- автожол».
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында: «Достук-автожол», «Кызыл-Кыя-автожол», «Кара-Суу-темир жолу», «Жалал-Абад-темир жолу», «Шамалды-Сай-темир жолу» жана «Кызыл-Кыя — темир жол».
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында: «Кайрагач- автожол», «Кызыл-Бел- автожол», «Карамык- автожол» жана «Бор-Дөбө-автожол».
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12-р тескемесине ылайык, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан өткөрүү пункттарында адамдарды, товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулган.

Аба өткөрүү пункттары: «Манас» аэропорту жана «Ош» аэропорту.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кириши менен, тактап айтканда 2015-жылдын 12-августунан тартып мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде бажы көзөмөлү жүргүзүлбөйт.