Домой Дүйнөдө Мурдагы полиция башчысы атынып өлдү

Мурдагы полиция башчысы атынып өлдү

36

Арменияда мурдагы полиция башчысы Айк Арутюняндын өлүгү үйүндө табылды. Полиция анын башына ок тийгенин, баштапкы божомолдорго ылайык ал өзүн атып өлтүргөнүн билдирди.

Айк Арутюнан 2005-2008-жылдары полицияны, 2000-2014-жылдары Жаза аткаруу кызматын жетектеген. Ушул тушта «1-март иши» деген ат менен таанылган окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралып жаткан болчу.

2008-жылы 1-мартта Ереванда президенттик шайлоодон кийин нааразылык акциясына чыккан митингчилер кууп таратылган. 11 жыл мурдагы окуяда сегиз киши жана эки полиция кызматкери каза тапкан.

Булак: Азаттык