Домой Коом Москвада Футболчунун аялы таксист болуп иштеген кыргыз жигитти жаакка чапты

Москвада Футболчунун аялы таксист болуп иштеген кыргыз жигитти жаакка чапты

73

Орусиянын Москва шаарында белгилүү футболчу Павел Погребняктын аялынын катышуусундагы чыр болуп өттү. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Мария Погребняктын айтымында ал такси кызматын чакырганда таксист аны себепсиз орто жолдон түшүрүп салган жана буюмдарына зыян келтирген.

Ал эми Тилек аттуу Кыргызстандан барган таксист да окуя тууралуу өз чындыгын айтты. Анын айтымында футболчунун аялы айткан даректеги үйдүн алдындагы унаа токтотуучу жайга акча төлөп өтүү керек болгон. Ошол себептен ал кардарын эшигинин алдына чейин жеткире алган эмес. Бирок футболчунун аялы аябай жакын жерге жөө баскысы келбей таксистке орой мамиле жасап кыйкырып, эшигинин алдына чейин жеткирүүнү талап кылган.

Жыйынтыгында таксист менен кардарынын ортосунда чыр чыгып, футболчунун аялы кыргызстандык таксистти жаакка чаап жиберген.

Булак: БарсМедиа.кж