Домой Коом Миллиардер- «Графтын» достору А. Машкеевич, Муса Бажаев, П. Шодиевдер ыйлап сүйлөштү (видео)

Миллиардер- «Графтын» достору А. Машкеевич, Муса Бажаев, П. Шодиевдер ыйлап сүйлөштү (видео)

325

Белгилүү казакстандык ишкер жана миллиардер, Токмок шаарынын ардактуу атуулу Алижан Ибрагимовдун сөөгү 4-февралда Токмок шаарында жерге берилди. «Форбс» журналынын рейтинги боюнча Ибрагимов Казакстандагы байлардын тизмесинде 5-орунда.

Алижан Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жогорку Кеңештин депутаттары: Садык Шер-Нияз, Динара Исаева, Канатбек Исаев, Каныбек Иманалиев, Пархат Тулендыбаев, өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров, парламенттин мурдагы депутаттары , Өмүрбек Бабанов, муфтий Максатбек ажы Токтомушев жана башкалар барган.

Коштошуу митингинде маркумдун үй-бүлөсүнө Нурсултан Назарбаевдин, азыркы президент Касым-Жоомарт Токаевдин, казак парламентинин төрагасынын жана премьер-министринин көӊүл айтуу каты окулду.

Ибрагимовдун өнөктөштөрү — миллиардерлер Патох Шодиев, Александр Машкевич, Муса Бажаевдер көзүнө жаш алып сөз сүйлөштү. Коштошуу зыйнатын кыргыз тараптан Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров ачып, ал президент Жапаровдун атынан маркумдун үй-бүлөсүнө көӊүл айтты. Андан башка, кыргыз тараптан бир да саясатчы сөз алып сүйлөшкөн жок.

«Граф» каймана аты менен көпчүлүккө таанымалы атактуу милллиардердин дарегине коштошуу зыйнатында айтылган сөздөрдү, коштошуу учурун береги тасмадан толугу менен көрсөӊүздөр болот:

Маркум Токмокто атасынын жанынан коюла турганы айтылды. Ага жаназаны Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев окуганын береги тасмадан көрүүгө болот:

Ибрагимов 1953-жылы Өзбекстандын Фергана облусунда төрөлгөн, кийин Кыргызстандын Токмок шаарына көчүп келген. Жогорку окуу жайын Москвадан бүтүрүп келгенден кийин, 1974-1989-жылдары Токмок шаарында иштеген. Ишкерликти 1989-жылдан кийин Казакстанда баштаган жана ишкер катары Казакстанда калыптанган. Ал Александр Машкевич, Патох Шодиев менен биргеликте дүйнөнүн 14 өлкөсүндө тоо-кен тармагы боюнча иш алып барган “Eurasian Resources Group” (ERG) компаниясына ээлик кылган. Аталган компаниянын акцияларынын 20% Ибрагимовго таандык.