Бишкек шаардык административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын Токмок шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табуу жөнүндө чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, БШКнын 3-майдагы чечими менен Токмок шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылган. Бишкек шаарынын административдик сотунун 19-майдагы чечими менен БШКнын бул чечими күчүндө калтырылды.