Домой Коом Токмокто түнү менен жасалып жаткан жолдун себеби белгилүү болду…

Токмокто түнү менен жасалып жаткан жолдун себеби белгилүү болду…

147

Чүй облусунун Токмок шаарындагы Пушкин көчөсүнүн жолу түн ичинде жасалып жатат. Бул көрүнүштү шаардыктардын айрымдары кубаттаса, кээ бири таң калып жатышат. Жада калса, бул боюнча видеолор социалдык тармактарга жарыяланып жатат.

«Саат 22:51 болду. Жолчулар дагы деле иштеп жатышат. Бир гана Токмокто ушундай иштейт. Күндүз унааларга тыгын жаратпайт. Эч кимге тоскоолдук кылбайт. Азматтар! Баары ушундай иштесе», — деди социалдык тармактардын колдонуучусу.

Бирок Токмок шаардык муниципалдык башкармалыгы бул иштер миллиардер Алижан Ибрагимовдун кыркылыгына карата жасалып жатканын билдирди.

«Бул жолчуларды маркум Алижан Ибрагимовдун адамдары жалдашкан. Бүгүн-эртеӊ маркумдун кыркылыгы өтөт. Ошого байланыштуу Пушкин көчөсүн мүрзөгө чейин жасап жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Миллиардер Алижан Ибрагимов Бельгияда коронавирустан улам каза тапкан. Анын сөөгү 4-февралда Токмок шаарына алып келинип, жерге берилген.

Ибрагимов 1953-жылы 5-июнда Өзбекстандын Фергана облусунда төрөлүп, кийин Токмок шаарында жашаган. Ал Кыргызстанда «Граф» каймана аты менен таанымал.

булак: turmush.kg