Домой Коом Токмок шаарынын «Булак» базарындагы өрттөн, соодагерлер 30 000 долларлык чыгым тартты (видео)

Токмок шаарынын «Булак» базарындагы өрттөн, соодагерлер 30 000 долларлык чыгым тартты (видео)

48

Айрым соодагерлер өз товарларын сактап калууга үлгүрүштү.

«Биз түндө «базар күйүп жатат» деген маалыматты угуп алып, чуркап келдик. Базарга тиешеси жок токмоктук тургундар дагы келип, жардам беришти. Бирок, эт, бут кийим жана идиш-аяк саткан дүкөндөр толугу менен күйүп кетти. Товарлары күйүп кеткен соодагерлердин баары эле чоң бизнесмендер эмес. Насыя алып, дүкөндөрдү ижарага алып иштетип жатышкан. Соодагерлердин бирөөсү 30 миӊ доллар чыгым тартканын уктук. Калганы деле ушул сумманын тегерегинде чыгымга дуушар болушту го. Азыр базарда электр жарыгы жок. Түндө өчүрүлгөн болчу», – деп билдиришти соодагерлер.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 28-октябрда кечке маал өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө «Булак» базарынын аймагындагы дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө 3 бөлүм тартылган.

булак: turmush.kg