Домой Коом 40 унаа. Миллиардер Алижан Ибрагимовдун сөөгүн Токмокко алып бара жаткан кортеж видеодо

40 унаа. Миллиардер Алижан Ибрагимовдун сөөгүн Токмокко алып бара жаткан кортеж видеодо

1766

Бүгүн, 4-февралда Токмок шаарында ишкер Алижан Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Таңкы саат 04:00 чамасында анын сөөгү Токмок шаарына алынып келди. Шаар тургундары Ибрагимовдун үй-бүлөсү жашаган үйдү көздөй бара жаткан унаалардын кортежин видеого тартышкан.

Миллиардер Алижан Ибрагимов Бельгияда каза болду. Ал Кыргызстанда «Граф» каймана аты менен таанымал. Алдын ала маалыматка караганда, Ибрагимов коронавирустан улам каза тапты.

Ибрагимов 1953-жылы 5-июнда Өзбекстандын Фергана облусунда төрөлгөн. Токмок шаарында жашаган.