Элдин жонунан кайыш тилип, сүткорлук менен гана байыган чет өлкөлүк олигархтар Кыргызстандын ички ишине кийлигише баштады. Болгондо да президенттик шайлоодо ачык эле талапкер Өмүрбек Бабановду колдоп, аны каржылап, керек болсо маалыматтык жактан колдоого алууда.
Ишенимдүү булактарыбыз кабарлагандай, Өмүрбек Бабанов ушул жылдын 5-сентябрында таң эрте Ысык-Көл районунун Бает айылындагы казак олигархы Алиджан Ибрагимовго тиешелүү эс алуу борборуна барган. Ал эс алуу жайында А. Ибрагимов, казакстандык миллиардерлер, Канаданын жараны, 1954-жылы Кыргызстанда туулган Александр Машкевич, Казакстандын премьер-министринин атайын кеңешчиси, 1953-жылы Өзбекстандын Жизак облусунда туулган Патох Шодиев жана россиялык миллиардер, «Группа Альянс» мекемесинин ээси Муса Бажаев болгон. Бабанов дал ушул олигархтардан ири өлчөмдөгү каржылык колдоо алган.
propecia_finapil. Демек, Өмүрбек Токтогулович бул олигархтарга жок дегенде кыргыздын кендерин убада кылган. Кызмат, байлык үчүн баарына даяр турган Бабанов эгемендүүлүктү карматып жиберүүдөн да кайра тартпай турганын буга чейин далилдеген. Эгер ал президент болуп калса (Кудай сактасын) чет өлкөлүк олигархтарга жалпы кыргыз эли карыздар болот. Бул эл аралык шылуундар кетирген акчасын 100 эсе кайтарып ала турганын унутпайлы. Андыктан ар бирибиз абайлашыбыз керек.