Маркум саясатчы Медет Садыркуловдун кызы Айжан Садыркулова 2016- жылы Эсептөө палатасынын аудитор кызматына 5 жылдык мөөнөт менен шайланган. Аталган мекеменин төрагасы Улукбек Марипов өкмөт башчы болуп кеткенден кийин, Эсептөө палатасын убактылуу Айжан Садыркулова башкармай болду. Бул буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Апрель айына чейин Эсептөө палатасынын аудиторлорунун иштөө мөөнөтү аяктайт. Ага чейин бул мекемени Садыркулова жетектейт