Домой Экономика Улан Адамалиев: Кризистен чыгуунун жаңы ыкмасы

Улан Адамалиев: Кризистен чыгуунун жаңы ыкмасы

226

Мага көп жакындарым, досторум жана социалдык тармактарда мени окуп жүргөн адамдар ар дайым бир суроо менен кайрылышат,- “Каражатты кайсыл тармакка жумшаса болот, кайсыл бизнести баштаса болот?” – деген.

Ойлонуп көрсөк биздин мамлекетибизде жумушсуздук маселеси өтө курч турат. Көп компаниялар жабылып жатышат, өзгөчө акыркы пандемия бул көрүнүштү дагы да болсо күчөттү. Кризис жакынкы аралыкта токтоюн деген ою дагы жок, а биз келечекти карай жылбай турганыбыз өтө өкүндүрөт.

Россиялык ТАСС маалыматтык порталы FinExpertiza сайтына шилтеме кылган расмий статистикага ишене турган болсок, 2020-жылы 1-августка карай 1,95 млн микро-кичи жана орто ишканалар өз иштерин токтотушкан. Бул деген ар бир 5-бизнес жабылганынан кабар берет.

Биз мындай статистиканы көтөрө албайбыз, анткени бизде ири завод-фабрикаларыбыз, өндүрүшүбүз жок. Бул менен эмнени айткым келип турат? Биз үлгү катары кандай гана экономикасы күчтүү өлкөнүн өнүгүү тарыхын албайлы, алар бир гана бизнеске эркиндик берүү менен жана бизнеске жакшы шарттарды түзүү менен өнүгүшкөнүн байкайбыз. Ошондуктан, бизнеске эркиндик берүү биз үчүн учурдун талабы десем жаңылбайм. Ал эми кимдерге шарт түзөбүз? Мен башында айтып өткөндөй, абдан көп адамдар каражаттарын кайсыл тармакка жумшарын билишпейт. Демек, биздин элибиздин арасында потенциалдуу инвесторлор көп.

Бирок бизнести кантип баштасак болот? -деген суроого жооп табууга чейин, биздин ички коркуу сезимибизди ээлеген жаңы ачылган бизнестин таза пайдага чыгып кетиши дагы өтө чоң суроо. Эл аралык «Bloomberg» агенттигинин маалыматына ылайык, өзүнүн бизнесин ачкан ишкерлердин 80% ишкер, биринчи 18 айдын ичинде иши жабылып калуу коркунучка кептелишет деп жазат. Мына ушул жерден франшиза деген бизнестин күчтүү жана пайдалуу жактарына көңүл бурсак болот.

Мисалы, АКШнын Соода-өндүрүштүк палатасынын маалыматына таянсак, 97% франчайздик компаниялар беш жылдык туруктуу мөөнөттү ийгиликтүү басып өтүшүп жана бүгүнкү күнгө чейин иштеп келишет. Россияда бул көрсөткүч 86% түзөт. Мындайча айтканда франшиза аркылуу ачылган ишканалардын 90% иштерин ийгиликтүү улантып жатышат.

Эмнеге мындай болуп жатат? Биринчиден “франшиза” деген түшүнүктү чечмелеп алсак. Франшиза – бул бизнес моделди сатып алуу укугу. Бул деген ийгиликтүү иштеп жаткан “даяр бизнести” болгон технологиясы менен ишке киришүүсү болуп эсептелинет. Мисалы, бир нече жылдан бери туруктуу кирешеге чыккан компания бар деп коелу. Ал өз учурунда бизнес системасын франшизага “упаковкалап” өзүнүн потенциалдуу өнөктөштөрүнө даярдап берет. Башкача атканда бөтөн кишинин ийгиликтүү тажрыйбасында куралган даяр бизнести франшиза аркылуу сатып аласыз деген түшүнүк.

Албетте бул тажрыйбаны “паушалдык төлөм” (франшиза укугуна ээ болуу төлөм) аркылуу сатып аласыздар, бирок сиз корото турчу каражат “нөлдөн” башталган бизнесиңиздин тобокелчилигине ыкталган жоготууларга караганда кыйла аз болот деп ишенимдүү түрдө айта алам. Мындан тышкары старттык инвестицияларды саласыздар: жерди же жайды ижарага алуу, ал жерди оңдоп-түзөө, жабдыктар ж.б.у.с. чыгымдар. Бирок бул чыгымдар ар бир стартапта деле каралат эмеспи, франшизанын негизинде бул иштер дизайн интерьеринен тарта кызматкерлердин атайы формаларына чейин каралган. Ошондой эле сизди жана сиздин кызматкерлериңизди “Франчайзер” (франшизанын ээси), бизнесинин болгон технологияларын окутуп, бир нече ай бою өзүнүн кеңештерин айтып, иштин системасын туура коюп, таза пайдага чыгууга жардам берет. Толук түшүнүүгө «Основатель» деген “Макдональдс” тез татым түюндөрү жөнүндө тартылган кинофильммнен франшизанын даана документалдык негизин көрө алсаңыз болот.

Бул бизнесте эң эле өзүнө тарта турчу нерсе – бул салынган каражаттын ыкчам акталуусу жана кепилдик берилген таза кирешеге чыгуу. Сизден бир гана каалоо, эмгек жана финансалык чыгаша керектелет. Кээ-бир франшизалар 3-10 айга чейин актоо мөөнөтүнө ээ болушат.

Дагы бир таң калтыра турчу факт – Кыргызстандагы акыркы кризистик абалды эске алуу менен биргеликте өткөн жылдын акыркы 3 айында 15 жаңы ишкана жергиликтүү франшизалардын арты менен ачылса, ата мекендик франшизаларыбыз арты менен 3 ишкана чет өлкөлөрдө ачылды. И баса, 3-мартта Бишкекте «BIZ Franchise» 2021 франчайзинг форуму өтөт. Аталган иш-чарада 50дөн ашуун ата мекендик жана чет элдик франшизалардын көргөзмөсү болот. Катышуучуларга бизнестин алдыңкы технологияларга күбө болуп жана иштерине керектүү байланыштарга ээ болушат десем ашык болбос.

Иш-чарага катталуу шилтемеси: http://forum.bizfranchise.org/
Сурап билүү телефондору:
0707 8888 44, 0704 403 403

Улан Адамалиев
Экономист, агрардык өндүрүшү боюнча эксперт.