Домой Кырсык Токмокто 100 жыл мурун курулган тарыхый имарат күйүп кетти

Токмокто 100 жыл мурун курулган тарыхый имарат күйүп кетти

110

Токмок коммуналдык ишканасынын өрттөнүп кеткен имараты мындан 100 жыл мурун курулган. Бул тууралуу ишкананын директору Эмилбек Жакупбеков билдирди.

Буга чейин 21-март күнү Токмок коммуналдык ишканасынын имараты өрттөнгөнү кабарланган.

Имараттын эскилиги жетип, авариялык абалда болгон. Жергиликтүү куткаруучулардын айтымында, жабыркагандар жок, бардык шаймандар сакталды.

«Бул имаратты колдонбогонубузга көп болду. Анын салынганына 100 жылдан ашык убакыт болуптур. Союз кезинде коомдук ишмер жашаган дешет. Кийин оорукана болгон экен. Ал эми Токмок коммуналдык ишкана 2004-жылы түзүлгөн. Ошондон бери бул имарат ишканага карачу экен. Эски жана авариялык абалга жетип калган. Кылым карыткан имарат болгондуктан, аны тарыхый имарат катары бузууга жол берилген эмес. Тарыхый имарат деген макамы бар болчу.

Электр зымынан чыӊалуу болуп, өрт ошондон башталыптыр. Азыр дагы ал боюнча тактоолор болуп жатат. Мен кечинде саат 23:45те текшерүү кылып, баарын карап чыккам. Эртеӊ менен саат 07:35те чатыр күйүп жатышканын кабарлашты. Дароо куткаруучуларды чакырдык. Имараттын тактайлары абдан чоӊ болчу. Ошолордун баары күйүп кетти. Өрт түшкө барып өчтү», — деди ал.

булак: turmush.kg