Домой Коом Милиция: Нарындагы кандуу окуя жол кырсыгынан кийинки пикир келишпестиктен чыккан

Милиция: Нарындагы кандуу окуя жол кырсыгынан кийинки пикир келишпестиктен чыккан

134

Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кримтөбөл Алмаз Сулаймановдун өлүмүнүн чоо-жайы жөнүндө маалымат таратты.

Милициянын кабарлашынча, 28-март күнү саат 12:50 чамасында Нарын шаарында «Тойота-Пассо» автоунаасы менен «Лексус 570» үлгүсүндөгү машине жол кырсыгына кабылган. Эки айдоочу уруша кетип, бири-бирин бычак менен сайып алган.

“Нарын шаарынын 1995-жылы туулган тургуну “киши өлтүрүп алдым окшойт, мына алып келдим” деп Нарын облустук ички иштер башкармалыгын имаратына келген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, — деп билдирди Нарын милициясы.

Бирок, Кaktus.media басылмасы милициядагы булактарына таянып, “Лимонтиге” 2000-жылдары өлтүрүлгөн Имаш аттуу кылмыштуу топтун мүчөсүнүн жакыны өч алуу кол салганын жазды. Шектүү сөөктү милицияга өзү алып келген. Басылманын маалыматында, ал маркумду бычак менен моюнга сайган.

Булак: Азаттык