Домой Коом Мэрия: Үч күндө беш жүзгө жакын кишини коноктогон «Кайнар» рестораны убактылуу жабылды

Мэрия: Үч күндө беш жүзгө жакын кишини коноктогон «Кайнар» рестораны убактылуу жабылды

769

Мындай чаранын кабыл алынышына ресторандын администрациясы коронавируска байланыштуу карантин эрежесин сактабаганы себеп болгону айтылды.

Мэриянын адистеринин айтымында, соңку үч күндө бул жай жалпысынан 470тен ашуун адам катышкан иш-чараларды өткөрдү. Ошол адамдардын баарын тизме боюнча текшерип чыкканча айдын аягына чейин жабуу керектиги белгиленди.

Администрация өкүлдөрү айыпты мойнуна алганын айтышты.

Ресторан жайгашкан Октябрь районунун акими Максим Ситников алар менен жолугушууда эрежени сактоо азыр негизги талап экенин айтты:

«Бул өтө олуттуу мыйзам бузуу. Бизнесиңер жабыркабашы үчүн да, элдин ден соолугу үчүн да биринчи кезекте силер кызыкдар болушуңар керек эле».

«Кайнар» ресторанында көп кишинин катышуусу менен иш-чара өтүп жатканы тууралуу 11-июнда маалымат тараган.