Домой Коом МБКнын төрагасынын биринчи орун басары «Бишкек» ЭЭЗнын субъекттери менен жолугушуу өткөрдү

МБКнын төрагасынын биринчи орун басары «Бишкек» ЭЭЗнын субъекттери менен жолугушуу өткөрдү

40

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары «Бишкек» ЭЭЗнын субъекттери менен жолугушуу өткөрдү

2023-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары У.А.Кимсановдун «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын субъекттери менен жолугушуусу болуп өттү.

Ишкерлер менен болгон жолугушууда алардын ишмердүүлүгүндөгү көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Атап айтканда, бажы төлөмдөрүн төлөө маселеси, товарларды бажылык декларациялоо, ошондой эле ЭЭЗ субъекттерине салык салуу маселелери талкууланды.

Жолугушуу конструктивдүү кырдаалда өтүп, көптөгөн маселелер боюнча консенсуска жетишилди. Тараптар мындан аркы кызматташуу боюнча да макулдашышты.

Жыйындын жыйынтыгында айтылган көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин, «Бишкек» ЭЭЗ башкы дирекциясынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле «Бишкек» ЭЭЗнын субъекттеринин өкүлдөрдүн ичинен жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.