Домой Коом МБКда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда өз ара соодалашуу бажы статистикасынын...

МБКда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда өз ара соодалашуу бажы статистикасынын маалыматтарын салыштыруу боюнча эксперттердин жумушчу жолугушуусу болуп өттү

250

МБКда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда өз ара соодалашуу бажы статистикасынын маалыматтарын салыштыруу боюнча эксперттердин жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

2023-жылдын 29-майынан 2-июнуна чейинки мезгилде Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда 2022-жыл үчүн өз ара соодалашуу бажы статистикасынын маалыматтарын салыштыруу маселелери боюнча эксперттердин жумушчу жолугушуулары өттү.

Жыйынга эки өлкөнүн бажы кызматтарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жооптуу адистери катышышты.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча 2022-жылга Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өз ара соодалашуу бажы статистикасынын маалыматтарын салыштыруу боюнча эксперттердин жумушчу жолугушуусунун протоколуна кол коюлду.