Кумтөргө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринде мамлекетке 1 млрд 146 млн 449 миң 161 сом зыян келтирилгени аныкталган. Бүгүнкү күндө бул зыяндын 830 млн 826 миң 165 сому өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Ушу тапта камакка алынган 4 адамдын экөө үй камагына чыгарылган. Ал эми Тенгиз Бөлтүрүктү тергөөчүлөр кайрадан суракка чакырышкан. Бирок ал киши сурак берүүдөн баш тарткан. Мамлекетке келтирилген зыяндын 80 пайыздан ашыгы кайтарылды. Кылмыш иши боюнча тергөө аяктап калды. Зыянды ордуна коюу боюнча гана иш бир аз создуктурулуп жатат. Жакын арада бул иш сотко кетет”, – деди Зулушев.
Эске салсак, “Кумтөр голд компани” ишканасын Эсептөө палатасы менен Башкы прокуратуранын тергөө тобу текшерүү жүргүзгөн болчу. Анда өлкөдөгү ири делген ишканада финансылык мыйзам бузуу болгондугу ачыкка чыккан эле. Башкы көзөмөл орган тарабынан Кумтөргө байланыштуу 4 кылмыш иши козголгону маалым.