Домой Коом МБКнын КККББ жасалма соода жана валюталык операциялар аркылуу 1,5 миллион долларды легалдаштыруу...

МБКнын КККББ жасалма соода жана валюталык операциялар аркылуу 1,5 миллион долларды легалдаштыруу фактыларын аныктады

31

МБКнын контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттен алынган документалдык маалыматтардын негизинде жасалма документтерди колдонуу менен жасалма соода жана валюталык операциялар аркылуу кирешелерди легалдаштыруу фактыларын аныктады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «С.С.» ЖЧКсы (Кыргыз Республикасы) эл аралык товардык-акча мамилелерине жамынып, ЕАЭБге мүчө мамлекеттин юридикалык жактары менен товарларды (жабдыктарды жана механикалык түзүлүштөрдү) жеткирүү боюнча тышкы соода контракттарын түзгөнү аныкталган.

«С.С.» ЖЧКнын коммерциялык документтерине ылайык, Кыргыз Республикасынан ЕАЭБге мүчө мамлекетке 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында ташуу транспорттук каражаттарды колдонуу менен 1,5 миллион АКШ долларына барабар суммадагы товарларды экспорттогон.

Бирок иш жүзүндө ЕАЭБдин чек араларынан товарлар өткөн эмес, соода операцияларын жүргүзгөндүгүн тастыктаган документтер жасалма болгон. Мында, товарларды сатып алуучулар банк уюмдары аркылуу төлөмдү толугу менен жүзөгө ашырышкан, алар кийин Кыргыз Республикасынын банктары тарабынан накталанган.

Ошентип, тышкы соода контракттарын түзүү, коммерциялык документтерди тариздөө жана пайдалануу, ошондой эле акча каражаттарын которуу боюнча финансылык операцияларды жүргүзүү акча каражаттарына ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктук форма берүү максатында жасалган.

Бул факты боюнча материалдар КБР АДС МКЖга катталып, процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.