Домой Жаратылыш Кыргызстандын ажайып кооз жерлери тууралу сайт ишке кирди

Кыргызстандын ажайып кооз жерлери тууралу сайт ишке кирди

1557

Кыргызстандын ажайып кооз жерлери тууралуу – MAP.KG сайты ишке кирди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында белгилүү болду.

Аталган сайтта Кыргызстандагы биологиялык ар түрдүү аймактарындагы уникалдуу жерлер тууралуу жана анын сүрөттөрү жайгаштырылган.

Жалпысынан өлкө боюнча биологиялык ар түрдүү 32 аймак бар. Алардын ар бири уникалдуу ландшафттардын, флоранын, фаунанын (анын ичинде Кызыл китепке кирген түрлөрү) ошондой эле, тарыхый-маданий жана туристтик жайлардын жыйындысы камтылган.

2022-жылы Фотожурналисттер союзунун командасы төрт ирет экспедицияга чыгып, 11 биологиялык ар түрдүүлүк аймак тууралуу маалымат топтогон. 2023-жылдын апрель айынан тарта иш кайрадан уланат.

“Сайтта аталган жерлерде жашаган жана жаратылышты коргогон адамдар да көрсөтүлөт. Мындан сырткары, Борбор Азияда материалдарды жогорку сапаттагы визуалдаштыруучу биринчи ресурс болот. Сайттагы бардык материалдарды акысыз жүктөп алууга болот”, — дейт “Фотожурналисттер союзу” коомдук уюмунун директору Владислав Ушаков.

Сайтта сунушталган маалыматтар экологдор жана жалпы коомчулук үчүн гана эмес, ошондой эле туристтик бизнестин өкүлдөрү, ички жана чет элдик туристтер, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, студенттер, мектеп окуучулары жана башка кызыкдар тараптар үчүн пайдалуу болот.

Сайт — кыргыз, орус жана англис тилинде иштейт.

Кыргызстандагы биологиялык ар түрдүүлүктүн негизги аймактарындагы жаратылыштын биринчи сүрөт базасы Фотожурналисттер союзу тарабынан 2022-жылы түзүлгөн. Долбоор эки жылга эсептелип, 2024-жылы аяктайт.

Сайттагы Кыргызстандын кооз жерлерин бул жерден көрө аласыз.