-Талант мырза, бир тууганыңыздын арты кайрылуу болсун. Жакындары эле эмес кыргыз эли жоктоп, кайгырып турат. Иниңиз ооруп жүрдү беле?
– Негизи бѳйрѳгү ооруп жүрчү. Бирок жатып калып, аябай кыйналчу деле эмес. Кадимкисиндей иштеп, небересин эркелетип жакшынакай эле жүрүптүр. Жакында жаңы киного тартылмак экен. Бир күн мурда жумушуна барып театрдын жетекчиси менен жолугуп жаңы спектаклге башкы ролду алып, сүйлѳшүп келиптир. Актёр Темирлан Сманбеков айтат, экѳѳ сүйлѳшүп бүткѳн соң кетеринде театрдын алдында отуруптур. Эмнеге отуруп калганын сураса күлүп: «бак-дарактарды карап атам», – деп койгон экен. Кѳрсѳ иним 30 жыл иштеген театры, ѳмүрүнүн 38 жылын арнаган ѳнѳрү менен коштошуп отурган окшойт. Ушинтип жакшынакай келип эле эртеси күтүүсүз ооруп, бѳйрѳктѳрү иштебей калып узап кетип атпайбы. Уйку безинде да бар экен. Маал-маалы менен дарыланып, ден соолугуна кам кѳрсѳ болмок. Бирок чыгармачыл адамдар саламаттыгына анча маани бербей коюшат турбайбы. Бир чети чыгармачылык менен тынымсыз иштеп турбаса тиричилиги да болбой калат эле.
– Канча бир туугансыздар?
– Биз үч бир тууган элек. Мен улуусумун, Марат менден эки жаш кичүү болчу. Он жаш кичүү дагы бир инибиз бар эле, ал да тѳрт жыл мурун каза болуп калган. Эми Макибай да узап кетти, мен жалгыз калдым (жашып). Баарынан 82 жаштагы апабызга кыйын болду.Он жыл мурун абышкасынан, тѳрт жыл мурун баласынан ажыраган.Атам дарыгер, апам медайым болуп ѳмүр бою иштешкен. Марат адамдын алтыны эле.Мүнѳзү жумшак, катуу айтканды билбеген жан болчу.Эркектей болуп «энеңди урайын» деп да койчу эмес.Азыр баарын баштап эстеп, кичинебиздеги окуяларды эскерип отурам.Бала кезибизде кыз бир тууганыбыз жок болгондуктан инилерим менен үй иштерин бѳлүшүп алып жасачубуз.Улуулук кылып амалданып конок үйдү ѳзүмѳ алып, ашкананы Маратка берип койчумун.Ашканадагы толгон жумуштун баарын зымырайта жасап, ата-энемдин оң колу болчу.Макибай деп баарыбыз жакшы кѳрчү элек.
– Актёрлукту биротоло тандап, чыгармачылыкка кайсы учурда бел байлады?
– Мектеп жашынан эле актёрлукка кызыгып, ошол кезде эле ѳз күйѳрмандарын таап калган десем болот.Биз окуучу кезде «Курманбек» пьесасын коюу мода болчу. Марат дайыма Тейит чалдын образын ойночу. Ал тескери бата берген жерине келгенде ачууланган кѳрүүчүлѳр колундагы нерселер менен чаап жиберишчү. Бул Тейит чал эмес, ѳздѳрүнүн эле баласы Марат экенин унутуп калышчу. Ушундай кызыгуусунан улам ата-энем анын актёрлукту тандашына башынан эле макул болушкан. Мага инимдин кыргыз кереметтеринин бири «Кожожаш» тасмасындагы Саяктын образын ойногону аябай жагат. Аяктагы шорпону тѳгүп алып ыйлаган жерин сонун аткарган. Кесибин абдан туура тандаган. Ѳмүр бою чыгармачылык деп жашап, кесиби менен гана алек болду. Москвадан окууну аяктап келген соң мени менен чогуу жашап, чоң үй-бүлѳ болгонго чейин үйлүү боло алган жок. Менин да үй-бүлѳм чоңойгон кезде бир кезде атам алып берген үйдү сатып иним там-таштуу болуп калсын деп жумшагам.
-Кесиптештери аябай камкор ата экенин айтып жатышат.
– Эми үй-бүлѳгѳ болгон карамдуулугун айтпа. Балдарын бир да урушкан жок го дейм. Балдары сабактан келеби, оюндан келеби батинкелерин сүртүп, тазалап, тыпырайтып тизип турчу. Кыздарынын турмушка чыгып, орун-очок алышын аябай күтүп жүргѳн эле. Ага жетпей калды. Улуу уулу үйлѳнгѳн. Небере жыттап калганына шүгүр деп кала бердик.
Булак: Леди.кж