Домой Саясат Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилиги алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилиги алмашты

9

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилиги алмашты. Башкармалыктын башчысы жана анын орун басарлары ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бажы кызматынан билдиришти.

Бүгүн Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков ээлеген кызматынан бошотулганы белгилүү болду. Анын орун басарлары Кыялбек Мукашев менен Кубаныч Шатемиров дагы иштен кетти. Маалым болгондой, кызматтан кетүү алардын «башка кызматтарга» которулушу менен байланыштуу.