Домой Ден-соолук «Империя пиццы» кафесинен уулангандардын саны 179га жетти

«Империя пиццы» кафесинен уулангандардын саны 179га жетти

10

Бишкектеги кафеден ролл жеп ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны 179га жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалымат бүгүн, 26-октябрь, саат 11:00гө карата алынган. Билдирмеге караганда, статистикага Чүй облусу да кошулган. Тамакка ууланып кайрылган 179 адамдын 18и балдар.