Домой Коом Мамлекеттик бажы кызматында жаңы МБКнын санариптик платформасынын маалымат моделин иштеп чыгуу боюнча...

Мамлекеттик бажы кызматында жаңы МБКнын санариптик платформасынын маалымат моделин иштеп чыгуу боюнча иш-чара өттү

42

Мамлекеттик бажы кызматында жаңы МБКнын санариптик платформасынын маалымат моделин иштеп чыгуу боюнча иш-чара өттү.

2023-жылдын 16-январынан 20-январына чейин Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратында Дүйнөлүк бажы уюмунун эл аралык эксперттеринин катышуусу менен МБКнын жаңы санариптик платформасынын маалымдар моделин иштеп чыгуу боюнча практикалык иш-чара өткөрүлдү.

Муну менен бирге эл аралык стандарттарга ылайык ишке ашырылган бажы процесстерин башкаруу жана оптималдаштыруу жагынан тажрыйба алмашуу, талкуулоо жана санариптик чечимдерди практикалык көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлдү.

Ошондой эле бажы башкарууну жакшыртууга, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө, бажы кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган акыркы мезгилде ишке ашырылган долбоорлорду, ошондой эле иштелип жаткан иш-чараларды МБК көрсөттү.

Иш-чаранын натыйжасында, эксперттер ишке ашырылган долбоорлордун натыйжалуулугун белгилешти, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун сунуштамаларына ылайык келген маалымдардын жаңы моделин иштеп чыгууда ишин жана МБКнын санариптик транспорфмацияланууга умтулуусун жогору баалашты.
Иш-чара USAIDдин Борбордук Азиядагы соода долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.