Домой Коом Баткенде өрүк данегинен май өндүрүлүп, Японияга сатылат

Баткенде өрүк данегинен май өндүрүлүп, Японияга сатылат

70

Эми Баткен облусундагы дыйкандардын өрүгү менен анын данегинен сыгылып алынган май Японияга кымбат баада сатылмакчы.

Баткен шаарында органикалык азыктарды өстүрүп, аны жайылтуу менен алектенип келген жеке фермер Турсунали Төлөмүшов тарабынан түзүлгөн “Алыш-Дан” кооперативинин продукциясы эл аралык рынокко чыга баштады. Ушул жумада анын  өрүк данегинен май өндүрүү цехи ачылып, ишке киришти. Бул туурасында президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Аталган иш-чарага Ппезиденттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу  Өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года, Кыргыз Республикасынын  эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмаз Мамбетов, ошондой эле БУУнун атайын өкүлдөрү  катышты.

Коноктор “Алыш-Дан” кооперативинин өрүктөн жасалган органикалык азыктары жана ишмердүүлүгү менен кеңири таанышып чыгышты. Мындан тышкары чек ара айылдарынын эли менен дагы жолугушуп, аларга керектүү жардамдарын беришти.

Буга чейин Баткен облусунун аймагында өскөн өрүк, шабдаалы, анар, жүзүм жана башка жер-жемиштер бышкан кезде кошуна өлкөлөрдүн алып-сатар соодагерлери тарабынан өтө арзан баада (5-10 сомдон) дүңүнөн сатылып, пайданын көпчүлүгүн ошолор көрүшчү. Айрым дыйкандар өрүгүн кургатып алып, кышкысын 200-300 сомдон саткандыгын киреше көп болду деп эсептешчү. Эми өрүк, анын данегинен сыгылып алынган майы жана башка органикалык таза азыктар Японияга түз экспорттолмокчу. Бул баткендиктердин кирешесин бир топ эсе көбөйтөт жана жумушчу орду пайда болду.

Белгилей кетчү жагдай: чек ара окуясында Япония Өкмөтү 2022-жылдын октябрында Баткен облусунун тургундары үчүн 1 миллион доллар өлчөмүндө чукул гранттык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алган. Бул жардам БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын башкармалыгы аркылуу жүзөгө ашырылып жатат.

eurasiatoday