Бүгүн, 16-июнда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Максат Жылышбаев радио жыштыгын сатуу иши боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.
Алардын айтымында, бүгүн Жылышбаевди КРнын Аскер прокуратурасынын кызматкерлери кармашкан жана Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында камакка алышкан. Эртең, 17-июнда, сот ага карата баш коргоо чарасын тандап алат.
Ал радио жыштыктарды сатуу ишинде шектүүлөрдүн бири.