Легендарлуу баскетболист Майкл Джордандын 320 миң долларга сатылганын дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты. Джордан ал футболканы 1984-жылы сентябрда «Чикаго Буллз» командасы менен келишим түзүп, ойноп баштаганда кийген. Аукционду Julien’s Auctions үйү уюштурган. Буга чейинки мындай рекорд быйыл июнь айында болгон. Анда аты айтылбаган коллекционер Джордандын 1998-жылы болгон оюндардын биринин финалында кийген майкасын 288 миң долларга сатып алган. Буга чейин Улуттук баскетбол ассоциация клубу (Чикаго Булз) Джордандын красовкасын аукциондо 560 миң долларга саткан.