Жалбырактын дагы бир өзгөчөлүгү — организмдеги ашыкча шлактарды бөлүп чыгарып тазалоочу касиетке ээ. Ошондуктан арыктоону каалаган айымдар мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калыңыздар. Бул үчүн 300 мл сууга үч даана лавр жалбырагын кошуп беш мүнөт кайнатып алыңыз. Андан кийин термоско куюп төрт саатка демдеп коюп, бир күндө төрт маал, тамактанууга 15 мүнөт калганда бир аш кашык менен ичип туруңуз. Ушул эле суусундукка кара чай кошуп бир күндө алты кружкага чейин ысык бойдон иче берсеңиз, натыйжасы сизди кубантпай койбойт.
Геморройдо
25 даана жалбырактын үстүнө үч литр кайнаган сууну куюп 10 мүнөт демдеп коёсуз да, бир күндө бир гана стакандан ичип турасыз.
Суук тийүүдө
Кокус шамалдап суук тийгизип алсаңыз, ал күчөп кетип гайморитке алып келберине эч ким кепилдик бербейт. Ошондуктан мындай кырдаалга туш болбос үчүн 10 даана жалбырактын үстүнө жарым литрдей суу куюп, аны беш мүнөт кайнатып туруп бетиңизди чүмкөп буусуна тосуңуз. Же болбосо бир аш кашык майдаланган лавр жалбырагына 0.5 литр кайнак суу куюп, аны 10 мүнөт кайнатыңыз. Кайнатылган сууну төрт саат тыныктырып, тамактанарга 20 мүнөт калганда күнүнө үч маалдан ичиңиз.
Чачыңыздын майлуулугу артып, андан арыла албай жатасызбы? Анда беш даана лавр жалбырагына 100 г алма уксусун кошуп, бир сутка караңгы жерде, салкын абада кармаңыз. Таза жуулган чачыңызды бул суюктук менен чайкап көйгөйүңүздү чечиңиз. Бул майлуу чачтарга гана эмес, ак чачы барларга да пайдалуу.
Эгерде териңиз кургап, чачыңыз какачтап жатса, 30 даана жалбырактын үстүнө 0.5 литр кайнак суу куюп, үч саатка демдеп коюп чачыңызды жуусаңыз, какачтан биротоло арыласыз.
Чачыңыз көп түшпөй, түптөрүнүн катуу болуусун каалайсызбы? Анда үч саат демделген лавр суюктугуна балды аралаштырып, чачыңыздын түптөрүнө сүйкөп чыгыңыз. Бир саат өткөндөн кийин шампунь менен жууп саласыз. Бул ыкманы бир ай колдонуп, кайра бир ай чачыңызды эс алдырып жасаңыз.
Лавр жалбырагы тууралуу пайдалуу кеңештер
1. Лавр жалбырагын жабык идиште, кургак жерде сактаңыз.
2. Лавр жалбырагын жыйналып, сорттолуп алынгандан кийин тогуз ай, баштыкчаларга салынгандан кийин дагы 12 айга чейин сактаганга болот.
3. Лавр жалбырагын салган идишке ным колуңузду салууга болбойт. Кургак гана кол менен алуу талап кылынат.
4. Ашыкча өлчөмдө колдонууга болбойт.
5. Сапаттуу лавр жалбырагынын узундугу 2-5 смге чейин болот.
6. Бат сынган, бетинде тактары бар ачык күрөң түстөгү лавр жалбырагын колдонуу сунушталбайт