Домой Дүйнөдө Кытайда кене аркылуу жуккан вирустан 7 адам каза болду

Кытайда кене аркылуу жуккан вирустан 7 адам каза болду

796

Кытайда кенелер аркылуу жуккан SFTS вирусу катталды. Бул тууралуу РИА Новости Global Times басылмасына шилтеме берип жазды.

Акыркы маалыматтар боюнча, вирус 60 кишиде табылып, жетөө көз жумду. Башында инфекция Цзянсу провинциясында катталса, кийинчерээк Аньхой провинциясынын тургундарында да аныкталган.

Куш тумоосунан улам Казакстан Россия менен чек арасындагы көзөмөлдү күчөттү

Бейтаптардын бири дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп, кандагы лейкоциттери менен тромбоциттеринин деңгээли төмөндөп кеткенин айтып берген.
SFTS вирусу биринчи жолу 2011-жылы катталган. Оору кенеден адамга, ошондой эле бейтаптан башка кишилерге кан же былжыр чел кабык аркылуу жугат.

Булак: Спутник.кж