Министрлик Кыргызстанда 1 545 киши жугуштуу вирустан текшерүүдөн өтүп, илдет аныкталбаганын билдирди. 14 күндүк обсервацияга алынган 303 жарандын 181и өзү жашаган жеринде медициналык көзөмөлдө турат.
Бирок оорунун алдын алуу максатында 16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынган. 15-мартта билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков да билим берүү уюмдарын мөөнөтүнөн мурда үч апталык каникулга чыгаруу тууралуу буйрукка кол койду. Ага ылайык, менчигинин түрүнө карабастан орто жана жогорку окуу жайлары 16-марттан 8-апрелге чейин эс алууга тарашат.
Ал эми бала бакчалар кадимки тартипте иштейт. Өкмөт ата-энелерге балдарын үйүндө кароого шарт болсо үйүндө алып калууга, эгерде мындай мүмкүнчүлүк болбосо бала бакчага алып келсе болорун билдирди.
Булак: Азаттык