Техникалык өкмөттүн башчысы катары Кубатбек Бороновдун келиши, 1-вице-премьер-министрликке Алмаз Батырбековдун сунушталышы коомчулукту ынандыра алган жок. Каршы пикирлер көп айтылып, ишенбөөчүлүк жаралууда. Өзгөчө соцтармактарда басымдуу нааразычылык туулганы эмнени билдирет? “Эшегине жараша тушагы” дегендей, бул эки кадр эмнени кыйратмак эле?
Боронов 10 жылдан бери жогорку кызматтарды аркалап келатат, жүрөк жылытчу ишин көргөн жокпуз. Батырбеков болсо, алкомагнат Шакинин арты менен депутат болгону белгилүү. Эмне үчүн көпчүлүк нааразы? Себеби, жогорку кызматтарга эл ичинде кадыры бар, экономиканы, өндүрүштү мыкты билген саясатчылар көтөрүлүш керек болчу. Тилекке каршы, бизде шөмтүрөктөрдү мурдунан сүйрөп төргө чыгаруу күч. Ал эми кыйындарды көрө албайбыз, же куугунтукталып келет. Ошон үчүн оңолбой жатабыз да!
Булак: Aryba.kg