Домой Саясат Күнболот Момоконов: Дүйнө эли алтынга эмес, сууга муктаж болот

Күнболот Момоконов: Дүйнө эли алтынга эмес, сууга муктаж болот

320

БУУнун божомолунда 2030-жылга барып, суу таңкыстыгы 24 миллиондон 700 миллионго чейинки кишини жер которууга мажбур кылат.

Дүйнөлүк ресурстар институту гидрологиялык үлгүлөрдү негиз кылып алып, Жер бетиндеги суунун деңгээлин изилдеп жүрөт.

Индия суу ресурстарынын таңкыстыгы жаралган өлкө. Өлкөнүн кээ бир аймактары акыркы убактарда кургачылык жана суу ташкындарынан жапа чекти.

Суусу таңкыс мамлекеттер
Катар | Израиль | Ливан | Иран | Иордания | Ливия | Кувейт | Сауд Арабия | Эритрея | БАЭ | Сан-Марино | Бахрейн | Индия | Пакистан | Түркмөнстан | Оман | Ботсвана

1.7 млрд.адам суу жетишпеген өлкөлөрдө жашайт

Мексиканын 32 штатынын он бешинде суу жетишсиз.

Чилинин 16 облусунун онунда суу өтө курч маселеге айланган.
Докладда Москва менен Бээжин дагы «суу тартыштыгы курч» делген шаарлардын катарында аталган.

Италиянын көпчүлүк аймактары, Түркиянын 81 провинциясынын 27синде суу тартыш.

ТАРдын айрым аймактары, Ботсвананын 17 округунун ону, Намибия жана Анголанын кээ бир аймактарында суу таңкысытыгы куручуп жатат.

Суу көп керектеле баштады
Соңку жарым кылым ичинде сууну айыл чарбасы үчүн колдонуу эки эсеге өстү. Керектелген суунун 67 пайызы сугат үчүн колдонулат.

Окумуштуулар суу таңкыстыгы регионалдык чыр-чатак, согуштардын тутанышына кошумча фактор болуп калат деп эсептейт
Бир катар «очоктор» азыр эле байкалып турат. Суу ресурстары үчүн болгон күрөш согуштун тутанышына кошумча фактор болуп калышы мүмкүн. Бул Израиль, Ливия, Йемен, Ооганстан, Сирия жана Иракка тиешелүү.

Качкындарды кабыл алган өлкөлөр дагы суу таңкыстыгынан айласы кетет. Анын ичинде Иордания жана Түркия дагы бар.

Азыркы учурда суусу мол саналган өлкөлөр дагы кургачылыктан улам көйгөйгө кабылып калышы мүмкүн дейт изилдөөчүлөр. Маселен, Украина жана Молдовада кургачылыктын кесепеттери оор болушу мүмкүн.

Сингапур төрт жол менен алынган сууну колдонот: импорттолгон, деңиздин туздуу суусунан тазаланган, атайын көп баскычтуу тазалоодон өткөн жана жамгырдан топтолгон.