Домой Саясат Кудайбердиева ушинтип эле кутулуп кетеби?

Кудайбердиева ушинтип эле кутулуп кетеби?

61

2016-жылдан бери Билим берүү жана илим министри болуп иштеп, бул тармактын  тамтыгын бир топ чыгарып таштаган Гүлмира Кудайбердиева акыры кызматтан алынды. Бул айымдын мыйзамсыз  иштери, коррупциялык кадамдары көп эле айтылды.

Окуу китептериндеги, ар кандай тендердеги сол чөнтөккө  кеткен миллиондорду Жээнбеков, Абылгазиев, Жумабеков, Жамшитов, Гулбара Калиева баштаган бийлик төбөлдөрү эӊ сонун билишет.

Бирок эч ким ага чара көргөн жок. Негизи эле Кыргызстанда иштей албай, жеп-ичкен  атка минерлерди жазалоо көп учурда кызматтан алуу менен эле чектелип  келет. Кудайбердиева да ушул ыкма менен кутулуп кетмей болдубу? Ушундай бийлик Кыргызстанды өнүктүрөбү? Жеп – ичкендердин заманы бүтпөс болду го…

Булак: Багыт