Домой Коом КТРКнын сайтынын жетекчиси Нурзат Ниязова каза болду

КТРКнын сайтынын жетекчиси Нурзат Ниязова каза болду

131

Нурзат Ниязова 1981-жылы 12-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1999-жылы Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университетке караштуу Гуманитардык билим институтунун котормочу адистиги боюнча факультетин аяктаган.

2006-жылы Корпорациянын курамындагы Республикалык радиотеле борборуна ишке алынып, КТРКнын сайтынын ишке киришине салым кошкон. 2015-жылдан тартып КТРКнын сайтын колдоо бөлүмүндө жетекчилик кызматта иштеп келген. Артында үй-бүлөсү, эки баласы калды.