Домой Коом Конституциялык кеңешмеде өлкөнүн аталышын Кыргыз Эл Республикасы деп өзгөртүү сунуштады

Конституциялык кеңешмеде өлкөнүн аталышын Кыргыз Эл Республикасы деп өзгөртүү сунуштады

83

Бүгүн, 23-ноябрда Конституциялык кеңешменин сессиясында өлкөнүн расмий аталышын өзгөртүү маселеси көтөрүлдү. Бул маселени комиссиянын мүчөсү Кадырбек Кошалиев көтөрүп чыкты.

Кадырбек Кошалиев өз сөзүндө эл “5 жылдын ичинде 3 гана мүнөт шайлоодо добуш берип жатканда” өз бийлигин башкарарын белгиледи. Калган убакытта анын эрки парламент тарабынан көзөмөлдөнөт, ал өзүн-өзү актаган жок.

Анын айтымында, жаңы Баш Мыйзамдын долбооруна элдик курултайдын концепциясы киргизилгендиктен, ошого жараша республика элдик болушу керек.

“Элдик бийлик кирип жаткандан кийин өлкөнүн аталышында эл деген сөз туруш керек. Баштаганда эле ушундан башташ керек”, – деди ал.

Кошалиев Конституциянын долбоорунда демократиянын механизмине көп көңүл бурулуп, биринчи жолу курултай сыяктуу институт киргизилип жаткандыгын кошумчалады. Ал демократиянын принцибин бекемдөө үчүн жана эл өз укугун унутпашы үчүн, элдин эркинин үстөмдүгүн республиканын расмий аталышында көрсөтүү керек деп эсептейт. Бул үчүн Конституциялык кеңешменин мүчөсү анын атын Кыргыз Эл Республикасы деп өзгөртүүнү сунуштады.