Домой Маданият Роза Аманова Айгүл Чаловага батир белек кылган эмес

Роза Аманова Айгүл Чаловага батир белек кылган эмес

2634

Кыргыз эл артисти Роза Аманова жана ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиев эстрада ырчысы Айгүль Чаловага батир белек кылды деген маалыматты ырчы айым четке какты.

«Мага эч ким үй берем деп айткан эмес. Үй берүүгө деле милдеттүү эмес. Роза Аманова эжени үй берди деп фейк маалыматтар жазып салышыптыр. Кудайым буюрган күнү үйлүү болуп калаармын. Чындыгында батир алсам деген оюм бар. Баарыбыз эле үй жайлуу болууну каалайбыз дегендей. Эже менен байланыштым, маалымат жалган»-деди ал.

Эске сала кетсек, Кабаралар маалымат агенттиги Роза Аманова Чаловага үй белек кылды деп жазып чыккан.

Булак: Багыт