Кочкор районунун Кара-Кужур аймагында суу тоңуп, муздун калыңдыгына байланыштуу суунун деңгээли көтөрүлүп, үйөр жүрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Суунун деңгээли өз нугунан көтөрүлгөндүктөн үйөр жолдогу майда бадалдарды талкалап агызып кеткен.
Кара-Кужур суусу Сары-Булак аймагынан өткөндөн кийин Жоон-Арык суусу болуп эсептелет. Күн суук болсо, дагы үйөр жүрүшү мүмкүн.
Видеодон элдин таң калганын жана «ай, ий, «опасный», талкалайт, муну жардырып жиберишкенби?» жана башка сөздөрүн угууга болот.









