Жайдын саратаны, короодогу гүлдөр көз жоосун алып, биринен бири сонун. Көпкөк асман, жашоо дал ушул күндөй өтүп жаткандай. Дарбазаны караган терезенин түбүндө арыкчырай, бетинде бырышы өзүнө жарашкан, көзүндө кусалык, сагынычтын нуру бар кемпир отурду. Эки күн мурун кийимдерин салыштырып, “үйгө кетем” деген үмүт менен карылар үйүндө жашап жаткан Кадича апа. Мындан төрт жыл мурун “дарыланып алыңыз, туулган күнүңүздө алып кетем” деп баласы таштап кеткен. Үзүлбөгөн үмүт менен жыл сайын күтөт.
Бул жерде иштегендер ар бир карынын турмушу менен тааныш. Ар биринин жаратын билет. Ошондуктан ар бирине аяр мамиле жасап, көңүлүн көтөрүүгө аракет кылышат. Бүгүн да ашканада Кадича апаны куттуктап белек беришти. Баардыгы куттуктап жатты, оюнда “балам келип таппай калбасын” деп отурду. Тамактан кийин кайра терезеге келип отурду, баласы келбесе да сурагандарга “келип турат” деп коёт.
Кадича апа жакшы жерге келин болуп түшкөн. Асан, Аман аттуу эки эркек балалуу болот. Асан 12 жашында сууга чөгүп, каза болгон. Апасы ыйлай бергенин көргөн Аман «апа, мен сизди багып алам» деп, эшиктин алдында чоң ташка отуруп алып, «апа, келиңиз жаныма» дечү. Жанына отурса машине кылып айдап жөнөчү. Жалбыракты терип, «акча» деп берчү. «Мен сизди машиненин алдына отургузуп алып багам» деген баласынын балалык сезими эле. «Ананайын жаным!» деп жалынып жаткан эне алдыда ташбоор турмуш күтүп турганын билген эмес…
Үйүн ремонттоп жатып, апасы жаткан үйгө жеткенде керексиз буюмдай кылып карылар үйүнө таштап кеткен. Жумушчуларга апасынын бөлмөсүндөгү баардык буюмдарды ыргытканга буйрук берип кетип калат. Жумушчулардын бирөө эне-баланын ташта отуруп түшкөн сүрөтүн ыргыткысы келбей, гараждын бир жерине кыстарып коёт. Үйдүн ремонту бүтөт, энесинин бөлмөсү баласыныкы болуп жасалгаланат.
«Чоң энем келбейби?» деген баласынын суроосу жоопсуз калды. Кадича апа ошол жерде иштеген кыздарга чай, таттууларды алдырып алып, жанындагыларга «балам келип кетти» деп өзүн алдап жашап калганына көп болду. Ошол жердеги карылардын баары «бир күнү келип алып кетет» деп жашашат. Балдары келбесе «ооруп калбады бекен?» деп ден соолугун тилеп күбүрөнүшөт. Чогуу отуруп калышса, өткөн бактылуу күндөрүн эстеп көңүлдөрү көтөрүлүп калышат. Кээ бирөөсү «мен өзүм келдим. Көп ооруйм, балдарыма залакам тийбесе экен дейм» деп балдарына сөз тийгизбейт. Кадича апа «ремонт бүтсө алып кетет» деп отурат. Ремонт эчак бүтүп, апага таандык буюмдар баары ыргытылганын билбейт…
Андан бери канча жай өттү. Кадича апанын туулган күнү канча жолу терезе түбүндө өттү… Баласы Амандын кайын журту өйдөрөөк жерден болуп, жакшы жерде иштеп, көтөрүлүп, байлыкты гана эңсеп жашап калган. Чет өлкөгө барып эс алып келген адатка айланган. Бир күнү өзү иштеген мекеме башчысы «апаң канчада?» деп сурап калды Амандан. «Апам жок» деп камарыбай жооп берди. «Эртең менин апамдын мааракеси, келип кет» деп чакырды. Үйүнө жалаң жакындарын чакырыптыр. «Туура эмес сүйлөп аламбы» деп сүрдөтүп турчу жетекчи үйүндө башка адам экен. Өзү чоң ата болсо да, апасы мойнунан жыттап эркелетип отурду. Маараке жыйынтыкталып, коноктор кетерде үй ээсине сөз берилди: «Мен эң бай жана эң бактылуу адаммын! Анткени менин апам бар, кайда жүрсөм да мени сураар кишим бар» деп көп жакшы сөздөрдү айтты. Амандын ичи уйгу-туйгу болуп чыкты. Үйгө келе жатып аялына «апама бөлмө даярдап кой» деди.
Эртеси карылар үйүнө келди. Короого башбакканда эле короодо отурган карылар «мага келатабы?» деген үмүт менен карап калышты. Ичкери кирсе эч ким жок, пол жууп жүргөн аял “чогулушта, азыр чыгышат” деди. Калган окуяны күнөөкөр адам төмөндөгүдөй эскерген:
“Сыртка чыккан директорго:
— Мен баласы болом алып кетейин дегем, — дедим.
— Кечиктиң, эми керек болдубу?! — деди. Эч нерсеге түшүнбөй кайра сурадым.
Сентябрь айында Түркияга үй-бүлөм менен эс алганы учуп жатканда “ооруп жатат” деп чалышкан. Көзүмдүн жашын тыя албай жаттым, мага кайрат айткан киши болбоду, баары мени жаман көрүп жатканы билинип турду. Директору апам жашаган бөлмөгө апкелип, буюмдарын берди. Апамдын жоолугу, көйнөгүндөгү жытты жыттап боздодум…
“Муну да алыңыз, сиз 8-мартка апкелген белек деп жакшы көрчү” деп эне-бала жетелешкен сувенирди көрсөттү. Оо жараткан! Турган жеримен күйүп күл болгум келди. “Мени келди деп өзүн алдап жашаган апам ай!” деп боздодум. “Эми ыйлагандын кереги жок! Тирүүсүндө сыйлаш керек” деп мендейдин далайын көргөн директор чыгып кетти. Үйгө баратып апамды биротоло жоготконумду эстеп ыйлап жаттым. Үйдөгү гараждын кычыгына кыстарылган сүрөттү алып артын окусам, «Аманым аман болсо мени жер кыдыртат, мени баккан бала болот» деген апамдын жазганы бар экен…
Ошентип апамдын баркын билбей, макулук болуп жашап келем. Бүгүн энелер майрамы, мен да куттуктагым келет, бирок апам жок, кучактагым келет, бирок апам жок… Окурманым, сизден апаңыз акча күтпөйт, сиздин кабарыңызды билип турганы каниет. Ошон үчүн жөн күнү да апаңызга телефон чалып үнүн угуп, кабар алып туруңуз. Белекти жөн күндөрү да бериңиз.
Булак: «Азия Ньюс» гезити