(Миллионер Каныбек Туманбаевге!)
Кээде айрым курч материалдарды гезитке чыгарсаң чычалап кетишип, «кара пиар, шыбап атат» деген сыяктуу кептерди агытып калышат. Андыктан, маалымат майданындагы башка ыкманы колдонуп, суроо берүү менен жумшак формага өтүүгө туура келет. Бу саам коомчулукка анчейин белгисиз, бирок миллионер катары Кыргызстандагы байлардын катары на кирип калган Каныбек Туманбаевге собол ыргытып, жообун алууга аракет кылмакчыбыз.
— Каныбек мырза, сиз 2012-жылы үйлөнүп, айтылуу шопур Икрам Илмияновду өкүл ата кылуу менен ооматка жетип, бизнестеги чыйырыңызды баштадыңыз беле?
— 2012-жылга чейин Аксынын РЭСинде контролёр болуп жүрүп эле кыска аралыкта кантип миллионерге айландыңыз?
-Айтмакчы, Илмияновдун байлыктары сизге катталганы ыраспы? Аны менен азыр мамилеңиз кандай? Түрмөгө тамак ташып турасызбы?
— 2020-жылкы парламенттик шайлоого «Замандаш» партиясы менен аттанууга даярданып, 1,5 миллион долларды штабга которуп койдуңузбу?
— Тарапташтарыңызды ынандыруу үчүн көбуртүп-жабыртып, «Замандаш» партиясынын экинчи тизмеси менен Асылбек Жээнбеков, төртүнчү орунда Иса Өмүркулов, мен болсо бешинчи орунда баратам» деп мактанып жүросүзбү?
— Асылбек Жээнбековду өкүл ата кылууну пландап атасызбы?
Булак: «Азия ньюс»