Президент Сооронбай Жээнбеков 25-декабрда Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу боюнча расмий сапар менен Астанага барды. Анда өлкө башчысы казак президенти Нурсултан Назарбаев менен расмий жолугушуу cialis 5mg kopen. өткөрүп, тараптар бир катар документтерге кол койду.
Сооронбай Жээнбеков президент, Кыргызстандын башчысы катары биринчи жолу Казакстанга барды. Кыргыз президентин коңшу өлкөнүнүн жетекчилери жылуу кабыл алып, алгач өлкө башчысы “Акорда” ак сарайында Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Эки президенттин расмий жолугушуусунан, Ардактуу кароолдун учурашуусунан, эки өлкөнүн делегацияларын тааныштыргандан кийин мамлекет башчылары тар курамда сүйлөшүү залына бет алышты. Эки өлкө жетекчилери тар курамда бир катар маселелерди талкуулап, бир пикирге келгени маалым болду.
Андан соң С.Жээнбеков менен Н.Назарбаев биргелешкен документтерге кол коюу аземине катышты. Анда Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө Келишимге кол коюлду. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы режим жөнүндө Макулдашууга дагы кол коюлду.
Бир туугандык мамилени чыңдоого бардык күч аракетибизди жумшайбыз
Президент Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрү учурунда эки өлкөнүн мамилесин мындан ары да бекемдөө тууралуу сүйлөштү. Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевге Казакстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул сапар Кыргызстандын салттуу достукка, жакшы коңшулаштыкка жана бир туугандык мамилелерге негизделген кыргыз-казак кызматташуусун мындан ары бекемдөөгө даярдыгын ырастап тургандыгын белгиледи. “Тар курамда жолугушуудагы сүйлөшүүлөрдө биз көп маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетиштик жана аларды чечтик . Биз өлкөлөр ортосундагы достук, бир туугандык өз ара мамилелерди чыңдоого бардык күч аракетибизди жумшайбыз”, — деди президент Сооронбай Жээнбеков.
Ошондой эле өлкө башчысы Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экендигин баса белгиледи. 2017-жылдын январь-октябрында өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 743,2 млн АКШ долларын түзүп, 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19% өскөн. “Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу товар жүгүртүүнү жана соода-экономикалык байланыштарды өстүрүү мүмкүнчүлүгү абдан чоң. Жол картасына кол коюлду, ушуга байланыштуу министрликтерге жана ведомстволорго тиешелүү тапшырмалар берилди, бул багыттагы иштер активдештирилди. Биз бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланабыз деп ишенебиз”, -деди Сооронбай Жээнбеков.
Ошону менен бирге чек ара, фитосанитардык, ветеринардык, бажы, салык көзөмөлү, автотранспорттук ташуулар маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндүгүн баса белгиледи. “2017-жылдын 1-декабрынан тартып Казакстан тарап темир жол жүктөрүн ташууда Казакстандын территориясынан Кыргызстандын түштүгүнө жана кайра артты карай багытта унификацияланган тарифтерди колдоно баштагандыгына канааттандык”,- деди Сооронбай Жээнбеков.
Чолпон-Ата – Алмата автожолунунун курулушун тездетүү керек
Эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунда Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда Чолпон-Ата – Алмата автожолунунун курулушу боюнча долбоору боюнча Макулдашууну кароону жана кол коюуну тездетүү зарылдыгы белгиленди.
Нурсултан Назарбаев болсо кыска мезгилдин аралыгында Сооронбай Жээнбеков менен эки ирет жолугушуп, көптөгөн маселелерди чечүүгө жетишкендигин белгиледи. “Менин чакыруум боюнча Казакстанга расмий сапар менен келгениңизге ыраазычылык билдирем. Быйыл өлкөлөрүбүз дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгилеп жатышат. Бизди көп кылымдар бою калыптанган достук байланыштырып турат. Биздин мамилени – түбөлүк достук жана стратегиялык өнөктөштүк деген эки сөз мыкты мүнөздөйт. Биз өз ара мамилелердин жаңы барагын ачабыз деп ишенем. 25 жылдын аралыгында мамлекеттерибиз 150дөн ашуун документтерге кол коюшкан. Казакстандын мындай документтер базасы Кыргызстандан башка бир дагы өлкө менен түзүлгөн эмес. Мен бардык маселелерди чечүүгө жана келечекке умтулууга даярмын”,- деп баса белгиледи Нурсултан Назарбаев.
Казакстандын мамлекет башчысы эки элдин ортосунда чечилбей турган эч кандай маселе жок экендигин белгиледи. “Казакстан Кыргызстандын экономикасына 650 миллион доллар салган Кыргыз Республикасынын негизги өнөктөшү. Биз ЕАЭБнин алкагында чече турган, ошондой эле аймактык жана саясый көптөгөн маселелерди карадык. Өкмөттөрүбүз өлкөлөр ортосундагы бардыгыбызды тынчсыздандырган бардык маселелерди чечүү үчүн абдан чоң жумуш жасады”,- деди Нурсултан Назарбаев.