Жогорку Кеңеште өзүн “илита” атаган депутат бар эмеспи, Кожобек Рыспаев дегенчи, ии ошо… “Жардан кулап аман калдым” – деген маалыматын таратты го. Эми болушунча аракет кылыптыр актанганга. Бирок ошол айтып жатканын ашыра апыртып ийгенин өзү деле байкабай калды өңдөнөт. Жакында анын “артымдан “Ауди” унаасы түртүп ийип, тоголонуп кетип баратам, тоголонуп кетип баратам…” –деген жомок сымал кеп айткан видеосу тарады.
Эми “илита” депутат өзү айткандай, Военно-Антоновкада жашагандар же ал жакка каттагандар жакшы билсе керек, унаа ушунчалык эле тоголонуп топ болуп кете тургандай жардын бар же жок экенин. Ал жагын Жайчыбековичтин өз уятына коелу.
Биз болгону, учурда бул Кожобек мырзанын айткандарын төгүндөгөн дагы бир маалыматтын пайда болгонун айта кетели. Соттук экспертизанын дагы бир жыйынтыгында, Кожобек Рыспаев катышкан жол кырсыгында эч кандай Ауди унаасы болбогондугу жана андай унаа сүздү делген белгилер такталбагандыгы жазылат.
Мында улам кооз сүйлөгөн депутатка ишенебизби же тиешелүү органдын документтерине ишенебизби…?
Булак: «NazarNews.kg»