28-декабрдан 29-декабрга караган түнү Кадамжай районунун Алга айылында электр мешинен чыккан иске ууланып бир үй-бүлөдөн 6 адам каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Алга айыл өкмөтүнөн тастыкталган маалыматка караганда, каза болгондор 4 жаш бала жана алардын ата-энеси болушкан. Ис үй жылытуучу 2 электр мешинен чыкканы болжолдонуп жатат.
Алдын ала маалыматка караганда, үйдө 2 электр меши сайылып тургандыктан токко күч келип, үйдүн кире беришинде бөлмөдө зым үзүлгөн. Үй-бүлөнүн атасы чыгып, токко урунуп каза болгон. Анын артынан аялы чыгып, ал дагы мерт кеткен. Үзүлгөн зым диванга түшүп, ал жерден ис чыгып, үйдөгү балдар каза болушкан. Маркум балдардын бири жубайлардын кайын агасынын баласы болгону айтылууда.
Каза болгондор:
— Н.Р. 1986-жылы туулган эркек;
— К.Ж. 1987-жылы туулган аял;
— Ж.А. 2014-жылы туулган кыз;
— Ж.И. 2016-жылы туулган бала;
— Ж.А. 2020-жылы туулган бала;
— Ж.Т. 2013-жылы төрөлгөн бала.









