Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын Умай-Эне айылында жаңы ФАП ачылып пайдаланууга берилди.
ФАПтын курулушун “Ассанабил” Коомдук кайрымдуулук фонду каржылоого алып, 28 миң АКШ доллары жумшалган. Курулушка жергиликтүу бийлик 50миң сом, айыл тургундары 50миң сом салым кошушкан.
Бул күнү аталган айыл аймакта, асфальт төшөлгөн бир чакырым жол да пайдалаууга берилди. Жолдун курулушуна республикалык бюджеттен 5 млн 300 миң сом каражат бөлүнгөн.