Банкын бир кезде тарттырып жиберген Болот Байкожоев төмөнкүдөй билдирүү жасады:
2007-жылы 10-августта Курманбек жана Максим Бакиевдер мен жетектеген банкты күч менен тартып алышкан. Аларга мурдагы депутат Садыр Жапаров дагы кошулган. Банкты басып алгандан кийин Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарова 3 жыл банктын президенти болгон. Ага Максим Бакиевдин кадимки досу Надель бул орунду сунуш кылган. Байкожоевдин айтымына караганда Бакиевдер ушул банк аркылуу 5 млрд.доллар акча каражатын чыгарып кеткен. Албетте, мындай нерсени көңүлгө алыш керек, бирок тактап, далилдеш керек. «Менин укук коргоо органдарыма арыз, кайрылууларыма эч кандай реакция болгон жок»-деп кошумчалады Байкожоев.
булак: argument.kg